Туризм

Баткен облусунун туристтик потенциалы

Баткен облусунун туристтик потенциалы өтө жогору жана маданий, тарыхий, тоо туризми, альпинизм сыяктуу бир канча туризмдин түрлөрүнө ээ. Алсак, “Каравшин” чокусу, “Дугаба” альпинисттик борбору, Кокон хандыгына таандык “Кудаяр-Хан” чеби, Баткенде өскөн “Айгүл-гүлү”, эрте жаздагы өрүк гүлдөрү сыяктуу туристтерди өзүнө тарта алган маанилуу туризм байлыктары аймактын гана эмес, жалпы мамлекеттин сыймыгы экенин тана албайбыз.

“Карашин” капчыгайы. Баткен районунун түштүк-батышындагы Түркстан тоо кыркаларында орун алган “Каравшин” капчыгайы. Бул жер асман тиреген аскалары менен даңкталат. Альпинизмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу  “Пирамидальный” чокусу  (5509 м), “Асан” (4230 м) жана “Үсөн” (4378 м) чокулары бар. Аймактын климаттык шарты, бийик чокуларга тырмануунун ыңгайлуулугу жана географиялык шарты туристтерди жана альпинисттерди өзүнө тартат. Альпинисттер арасында бул жер Азиялык Патагония катары белгилүү, анткени, Түштүк Американын Патагониясына түспөлдөш, айрым бөлүгү да ал жактын талааларын эске салып, жөө жүрүшкө эң ылайык.  Фергана өрөөнүнө түз аккан тоо дайраларынан улам аба ырайы жагымдуу жана жылуу.

Кан-и-Гут үңкүрү. Кыргызстандын Баткен облусунун батышында жайгашкан Кан-и-Гут үңкүрү облуста олуттуу маданий баалуулукка ээ таң калаарлык жерлердин бири. Бул жер Улуу Жибек Жолунун эң маанилүү багыттарынын бири болгон. Кан-и-Гут үңкүрү башынан эле табигый үңкүр болуп, күмүш баш болгон бир топ кендердин запасын камтып турат. Кан-и Гут үңкүрү тууралуу алгачкы эскерүүлөр Европада Авицен катары белгилүү, Абу Али ибн Синанын эмгектеринде кездешет

Үңкүр байыркы заманда эле адамдарды кызыктырып келген. Ал жерден байыркы кишилердин издери жана биздин доорго чейин эле башталып IX кылымда аяктаган кен казуу иштеринин көп сандаган калдыктары табылган. Кен казылып бүткөндөн кийин бул жер каралбай калган, бирок унутулган эмес. Үңкүрдө чексиз кен байлык катылып жатат деген уламыштар айтылган, мындан улам бул жакка, өлүм жазасы берилген кишилер Кан-и-Гут үңкүрүнүн сансыз өтмөктөрүнөн чыга албай калып калууга же ал жактан кен байлык менен чыгууга буйрук берилип жөнөтүлгөн. Кан-и-Гут үңкүрүнүн өтмөктөрү жана залдары боюнча аздыр-көптүр деталдуу маалымат берген алгачкы изилдөө иштери 1920-жылы советтик инженер-геологдору тарабынан жүргүзүлгөн.

 Кан-и-Гут үңкүрү бүгүнкү күнгө чейин толук изилденбеген уникалдуу маданий-тарыхый эстелик бойдон калууда.

«Кан» чеби. Кудаяр хандын бийлиги учурунда анын буйругу менен аскерлери тарабынан ушул чеп курулган. Бул чеп салынып бүткөндөн кийин чептен ары карай бир дагы душман өтө алган эмес. Аталган чеп бүгүнкү күнгө чейин жакшы абалда сакталып калган.

Кокон хандыгынын чеби 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын орто ченинде Кытайдын чек арасына жакын бийик дөңсөөгө тургузулган. Дубалдардын бийиктиги 2,7 метрге (алгачкы бийиктиги 3,2 метр), туурасы 1 метрге жетет. Чептин негизги – жогорку бөлүгү 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегеректеп тургузулган. Эки коргон тең пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы жайлар, карооканалар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да туташ салынган. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу эркин баткандай көзөнөктөр жайгашкан.

«Мадыген» геопаркы - Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан батышка карай 18 км алыстыкта Сары-Тоо тоо массиви ("Мадыген" жери) өзүнүн түркүн түстүү жаратылышы менен белгилүү, Илгери бул түстүү тоолор байыркы сармат деңизинин түбү болгон. Геологиялык процесстер бул жерде укмуштуудай пейзаждарды жана жаратылыш эстеликтерин жараткан.

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №182-т тескемесине ылайык Баткен жергесинде жайгашкан уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында Баткен районунда жалпы аянты 8 160 гектардан турган “Мадыген” жаратылыш эстелигинин түзүлдү. Бул натыйжа, жергиликтүү “Мадыген” геопаркынын бир бөлүгү мындан ары, мамлекет тарабынан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын катарын толуктады.

“Айгул-Гүлү” – Айгүл гүлү - Баткен жергесинин керемети жана символу. Анын илимий аталышы - эдуардо чаар гулу. Узун жалбырактуу келип, бийиктиги бир метрге жетет. Анын кызыл-сары желекчелери коңгуроо гүлдүкүнө окшоп кетет. Дагы бир өзгөчөлүгү - жалаң тоонун тескей тарабында өскөндүгү. 

Айгүл пияз түп байлагандан жети жыл өткөн соң, биринчи гүлүн көрсөтөт. Жыл өткөн сайын ага бирден желекче кошулуп турат. Көрөр замат эле жашын билсе болот. Элдин айтымында, 34 гүлү бажырайып ачылган учурлар болгон. 

“Дугаба” капчыгайы - Кыргызстандын аймагындагы Фергана өрөөнүнүн түштүгүндөгү жайгашкан. Салыштырмалуу рельефтин ар түрдүүлүгү, жагымдуу климат, жай мезгилинде кар көчкү коркунучу жок, жакшы аба ырайы, бай флора жана фауна, ар кандай классификацияланган альпинизм жолдору бар чокулардын көп түрдүүлүгү туристтерди жана алпинисттерди өзүнө тартат. Аймактагы чокулардын орточо бийиктиги деңиз деңгээлинен 3800 мден 5200 мге чейин. 

Дугаба капчыгайында  «Дугаба» альпинисттик базасы жайгашкан. База баардык эл аралык стандарттарга жооп берип, 100гө жакын альпинисттерди жана туристтерди кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.