Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

2023-жылдын 17-январындагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык  Кеңешмесинин отурумунда, Облустун аймагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коррупциялык тобокелчиликтери жөнүндө каралып, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча тапшырмалар коюулду. 

2023-жылдын март айында, Коррупциялык тобокелчиликтерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмонун негизинде, облустук, райондук жана шаардык  мамлекеттик органдарынын системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин жана мамлекеттик органдагы коррупциогендик кызмат орундарынын тизмеги түзүлдү. 

Мындан сырткары, облустук мамлекеттик органдар тарабынан,                                 Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы                                              №153-Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү мыйзамынын                          аткарылышы жана коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан  иш-чаралар  жөнүндө маалыматты квартал сайын алынып турат.                                   

Мамлекеттик органдардын аппарат кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча аппараттык окуулар  өткөрүлүп келүүдө.