Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Рахимов Мамыржан Тойчиевич

Рахимов Мамыржан Тойчиевич

Кызматы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Рахимов Мамыржан Тойчиевич 19.08.1968-жылы Ош областына караштуу Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн.


1999-2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистигинин юрист квалификациясына ээ болгон.


Эмгек жолу:  1985-1986-жж  Баткен ветеринардык станциясы, Ветеринар-санитар


1986-1988-жж Советтик армияда кызмат өтөгөн.


1988-1989-жж Баткен тамак-аш комбинаты, жумушчу


1989-2003-жж «Тойчу» дыйкан чарбасынын жетекчиси


2003-2008-жж «Баткентранс» муниципалдык ишканасы механик


2008-2012-жж «Автоэнергоснаб» ЖЧКсы, Башкы директор


2012-2017-жж Баткен шаардык кеңешинин депутаты


2017-2021-жж Баткен шаарынын мэри


2021-2021-жж Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү


2022-2024-жж  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү


03.03.2026-ж Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү