Долбоорлор

Баткенде 1% насыя алуучулардын алгачкылары аныкталды

«Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүктүрүү» экинчи долбоору, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражаттардын эсебинен, АРИС уюму “АгроВей” компаниясынын аткаруусунда жергиликтүү бийлик менен бирге ишке ашырып жатат.

Долбоордун максаты, Баткен облусунун агросекторун өнүктүрүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 700 млн.сом товардык насыя 1% өлчөм менен, 5-7 жылга чейин берилет.

Алгач Баткен облусунун айыл-чарба тармагына изилдөө жүргүзүлүп, өндүрүштүн артыкчылыктуу 12 багыты аныкталган. Ал эми жыл башынан тартып, ар бир айыл өкмөттө ишкерлерге жана дыйкандарга 1% товардык насыя боюнча маалыматтар берилген.

Натыйжада ишкерлер жана кооперативдер тарабынан сунушталган 6 бизнес план толук иштелип бүтүп, токтом кабыл алынган. Финансы Кредиттик Фондуна жиберилген.

Сунуштары жактырылган долбоорлор,

1-“Арпасай Береке багы” айыл чарба кооперативи

2- “Бат Логистик” ЖЧКсы

3- “АгроМир” ЖЧКсы

4- “Ак-турпак групп” ЖЧКсы

5- “Клубмалина Жаны-Жер” айыл чарба кооперативи

6 – “АгроЛидер Найман” айыл чарба кооперативи

Учурда 2- этапка 28 агрокластер катышуучуларынын бизнес пландары түзүлүп бүтүп, долбоор сунуштары жана талап кылынган документтери даярдалууда.

Белгилей кетсек, товардык насыяларды айыл чарба өндүрүүчүлөрү 250 миң сомдон - 2 млн сомго чейин, айыл чарба кооперативдери, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, логистикалык борборлору - 20 млн сомго чейин, кайра иштетүүчү ишканалар 35 млн сомго чейин алса болот.

Долбоордун алкагында бир нече ишкердин башын бириктирген кооперативдерге мүмкүнчүлүктөр каралган.

Каалоочулар маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышса болот. 0500 580 133.

0773 664 934