Долбоорлор
Баткен облусу менен Гуд Нейборс Интернейшнл уюмунун кызматташуусу өнүгүүдө

Баткен облусу менен Гуд Нейборс Интернейшнл уюмунун кызматташуусу өнүгүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов “Гуд Нейборс Интернейшнл” эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чо Сунхен мырза менен жолугушту
Жолугушууда тараптар 2021-жылдан бери ишке ашырылып жаткан Кыргыз Республикасындагы айылдарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү долбоордун жүрүшүн талкуулашты. Аталган долбоор Баткен жана Ош облустарынын 30 айылында ишке ашууда. Баткен облусунда долбоордун алкагында 12 айылда социалдык жана инфратүзүмдүк курулуш иштери аяктап, 12 кыска мөөнөттүү бала бакча курулуп пайдаланууга берилди. Ошону менен бирге айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасына кызматташуунун алкагында меморандумга кол коюшту. Мындан тышкары, Төрт-Гүл айыл аймагында мөмө-жемиштерди сактоочу 500 тоннага ылайыкталган логистикалык борбордун курулушу уланууда.
Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов өз сөзүндө “Гуд Нейборс Интернейшнл” уюмунун Баткен аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарбасын өнүктүрүү, билим берүү жана социалдык инфраструктураны чыңдоо багытындагы жаңы демилгелерди колдоого, маалымат алмашууга жана өз ара кызматташууну улантууга макулдашышты.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы