10 февраль 2026
Кароолор: 7
Зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча чечимдер кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча координациялык кеңешме өттү.
Облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилигинде өткөн кеңешмеде,
-Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча 2025-жыл ичинде аткарылган иштер, 2026-жылга карата аткарылуучу иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө маселе каралды.
Жыйында облус аймагында 2025-жыл ичинде үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюнча келтирилген фактыларга жана статистикалык маалыматтарга таянып, район, шаарлардын үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштери жетишсиз деп белгиленди. Мындан улам, зордук зомбулук боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы боюнча талкуулоонун жыйынтыгы менен сунуш пикирлер эске алынып, чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык,
-Зордук зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар планын иштеп чыгуу,
-Зордук зомбулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарды бөлүштүрүү менен, акцияларды, спорттук иш-чараларды,сынактарды, телеберүүлөрдү, видеороликтерди даярдоо, эл арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү,
-Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган жарандар үчүн кризистик борборлорду ачуу боюнча аракеттерди көрүү,
-Мектеп жашындагы балдарга карата зордук зомбулуктун алдын алуу багытында иш-чараларды, кошумча сабактарды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы белгиленди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы