16 апрель 2024

Кароолор: 5

Журналисттер үчүн "Алтын калем" сыйлыгына сынак жарыяланды

 Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ММКнын өкүлдөрү үчүн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Алтын калем” сыйлыгына сынак жарыяланды. Бул боюнча буйрукка КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кол койду. 

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, облустун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирүүдө ММКнын ролун жогорулатуу максатында, журналисттер арасында “Алтын калем” сыйлыгы жарыяланганын маалымдайт.

 Сынакка 2024-жылдын 20-апрелинен 20-сентябрына чейинки аралыкта ММКнан чагылдырылган материалдар кабыл алынат. Материалдарды кабыл алуу 30-сентябрда аяктайт. 

1. СЫНАКТЫН МАКСАТЫ 

1. Өлкө борборунан эң алыс, чек арада жайгашкан, өзгөчө стратегиялык аймак катары саналган Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсүн, аймактагы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаларынын ишке ашуусун, облус калкынын бакубат жана коопсуз жашоосу үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен мүмкүнчүлүктөрдү калктын калың катмарына жеткирүү. Облустун көп улуттуу элинин ынтымагын бекемдөө, кошуна мамлекеттер менен кызматташтыкты жана достукту чыңдоо менен, жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимдерин жогорулатууга багытталган материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну активдештирүү. 2. Чек аралаш аймактарда орун алган окуяларды обьективдүү, калыс чагылдырууга жетишүү. 3. Журналисттердин кесиптик дараметин жогорулатуу.

 2. СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ 

1. Сынакка Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн республикалык, облустук, райондук жана шаардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери, эркин журналисттер, аналитикалык баяндамачылар менен эксперттер катыша алат. 

2. Сынак “Мезгилдүү басылма”, “Телеберүү”, “Радио”, “Интернет” (маалымат агенттиктери) номинациялары боюнча жүргүзүлөт.

 3. СЫНАК ИШТЕРИНЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР 

1. Гезиттеги материалдар, радио жана телеберүүлөр, интернет-сайттарына жарыяланган материалдар 2024-жылдын 20-апрелинен 20-сентябрына чейинки мөөнөттө жарыялануусу кажет.

 2. Сынакка төмөндөгүдөй материалдар кабыл алынат: Мезгилдүү басылмалардагы авторлордон – бештен кем эмес тематикалык материалдар; Радио журналисттерден – бештен кем эмес радиосюжет же радиоберүү; Теле журналисттерден – бештен кем эмес телесюжет же телеберүү; Маалымат агенттиктериндеги авторлордон (сайт) – бештен кем эмес тематикалык материалдар; 

3. Ар бир катышуучудан жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы, материалдын авторунун аты-жөнү, электрондук дареги, байланыш телефон номуру, материалдын аталышы жана анын басмага, интернет-сайтка, радиого же теле эфирге чыккан мөөнөтү көрсөтүлгөн маалымат толтурулуусу талап кылынат.

 5. СЫНАКТЫН БАЙГЕ ФОНДУ 

Алтын Калем сыйлыгынын жеңүүчүсүнө “Алтын калем” статуеткасы жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыгы ыйгарылат. Андан сырткары, “Мезгилдүү басылма” номинациясы боюнча мыкты журналистке, “Телеберүү” номинациясындагы мыкты журналистке, “Радиоберүү” номинациясындагы мыкты журналистке, “Интернет” номинациясындагы мыкты журналистке дипломдор жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктары тапшырылат.

 – Сынак материалдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматына «Сынакка» деген белги коюу менен төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек : Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 1. т:03622 5 05 13. 0779 38 62 11.