02 апрель 2026

Кароолор: 7

Жазгы талаа иштери: Баткен облусунда көрсөткүч 70%га жетти

Баткен облусунда айыл чарба багытындагы 73761 га жери бар. Анын ичинен 36197 га суугат, 37474 га кайрак жерлер. 2026-жылдын түшүмү үчүн жалпы 7376 га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.

Ал эми жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү үчүн жалпы 19840 га жер пландаштырылган. Анын 8199 га буудай, 11729 га арпа болуп саналат.

Бүгүнкү күнгө карата 5833 гектар буудай, 7987 гектар арпа, жалпы 13820 гектарга себилип, дээрлик 70%га аткарылды.

Быйылкы жылга жалпы 46133 гектар жер айдоо пландаштырылып, бүгүнкү күнгө 26812 гектар жер айдалып, 58,1%га аткарылды.

Үрөн менен камсыздоо максатында облус аймагында 7 үрөн чарбалары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.Облус боюнча жаздык кылкандуу дан эгиндерине керектелүүчү үрөн 3446 тоннаны түзөт. Анын ичинен 1462 тонна буудай, 1984 тонна арпа үрөнү. Бүгүнкү күнгө топтолгон үрөн 3327 тонна.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы