29 октябрь 2025
Кароолор: 7
Жарандык коргонуу кызматтарын координациялоо боюнча окуу өткөрүлдү
Жарандык коргонуу кызматтарын координациялоо боюнча окуу өткөрүлдү
Баткен облусунда жарандык коргонуу кызматтарын координациялоо жана республикалык командалык-штабдык окутууларга даярдык көрүү боюнча жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын ноябрь айында өтө турган республикалык командалык-штабдык окутууларды уюштуруу жана өткөрүүдө жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттерин координациялоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы №418 токтомуна ылайык, өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун коркунучун азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өз ара кызматташуусунун тартиби каралды.
Катышуучулар командалык-штабдык машыгууларды өткөрүүдө калкты кабарлоо, эвакуациялоо, жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо маселелерин талкуулап, өз ара маалымат алмашышты.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы