13 июнь 2024

Кароолор: 58

Жарандарга турак жай куруу үчун жер тилкесин берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жарандардан келип түшкөн арыздардын басымдуу бөлүгү турак жай салуу үчүн жер участогун алуу маселеси болууда.

2024-жылдын 1-январынан 10-июнуна чейинки аралыкта облустук өкүлчүлүккө, жер маселеси боюнча 58 арыз келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө №177-токтому менен бекитилген жобо бар. Ага ылайык, жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын ар бир жараны укуктуу. Негизги талаптар,

- Өзү жашаган аймакта 3 жылдан кем эмес жашаган;

-Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок;

- Акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган жаран болуусу шарт.

Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн ар бир жаран өзү жашаган айылдын айыл өкмөтүнө, шаардык мэрияга кайрылып, тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.

Жеке турак жайларды куруу үчүн жер участоктору берилген арыздарга ылайык кезектүүлүк тартибинде Кыргыз Республикасынын жарандарына бир жолу акысыз берилет.

Жер участоктору 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуулардан улам майып деп табылган, жаракат алган жана мертинген адамдарга, ошондой эле каза болгон адамдардын балдарына биринчи кезектеги тартипте берилет:

Ошондой эле жакын туугандык мамиледе болгон үч жана андан ашык үй-бүлө менен биргеликте бир турак жайда үй-бүлөсү менен чогуу жашаган бир үй-бүлө мүчөсүнө жана көмүр шахтасында жер астындагы өткөөл чыгаруучу болуп 25 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз эмгектенген жана өндүрүш процессинде каза болгон шахтерлордун балдарына берилет.

Баса белгилей кетсек, жер тилкесин бөлүп берүү маселеси жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясында. Бул маселе боюнча жогорку бийлик органдарына кайрылган учурлар, кайра жергиликтүү бийлик органдарына аткарууга жиберилет. Ошондуктан жарандар турак жай курууга жер алуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылганы туура болот.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы