14 октябрь 2025

Кароолор: 6

Жаңы Достук айылына электр энергиясы берилди

Жаңы Достук айылына электр энергиясы берилди

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак аймагына курулган Жаңы-Достук айылынын курулушу дээрлик аяктады.

Бүгүн 14-октябрда айылга толугу менен электр энергиясы берилип,көчөлөр жарыктандырылды.

Аткарылган иштерди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жеринен көрдү.

Айылга Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан 10 кВ аба чубалгы тартылды.

Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону орнотулду;

Ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы