22 июль 2025

Кароолор: 9

Жаңы дайындоо

Акматов Айжигит Батыралиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Кадр иштери жана укуктук камсыздоо секторунун башчысы болуп дайындалды.

Ал буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси кызмат ордунда иштеп турган.

А.Акматов Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов кол койду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы