22 июль 2025

Кароолор: 13

Жаңы дайындоо

Сейитказиев Алтынбек Курбанбекович- КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалды.

Ал буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп турган.

А.Сейитказиев, КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “КРнын мамлекетик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов кол койду.