22 июль 2025
Кароолор: 10
Жаңы дайындоо

Ысмайылов Сабырбек Маликович - КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.
Ал буга чейин Баткен облустук статистика башкармалыгынын директору кызматында иштеп турган.
С.Ысмайылов, КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “КРнын мамлекетик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов кол койду.