26 сентябрь 2025
Кароолор: 29
Жаңы Баткен шаарынын жери трансформацияланып, шаарды куруу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде, тийиштүү мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган Жаңы-Баткен шаарын куруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, алгачкы жыйынга чогулду.
Анда шаарды пландаштыруу, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу маселелери талкууланып, жумушчу топтун тең төрагаларына тармактарды бөлүү сунушу каралды.
Эске салсак, кечээ, 24-сентябрда, Жаңы Шаар курулуучу Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын күн чыгыш тарабында,тике суу кудугу казылып, суу чыгаруу аракети сыноодон өттү.
Буга чейин жаңы шаарды куруу үчүн 760 гектар жерди трансформациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому чыккан.
Белгилей кетсек, Жаңы Баткен шаары аймакты өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планынын алкагында курулуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы