09 апрель 2026

Кароолор: 8

Жаңы Баткен шаарынын долбоору талкууланды

Жаңы Баткен шаарынын долбоору талкууланды

Баткен облусун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасынын алкагында, Жаңы Баткен шаарын куруу демилгеси, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.

Бул багытта КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосунда, Жаңы Баткен экологиялык шаарынын башкы планынын концепциясын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн.

Ага ылайык аталган министрликтин адистери, шаардын концепциясын Баткен облусунун жетекчилигине сунуштады. Анда шаарды пландаштыруу боюнча адистердин маалыматы угулуп, талкууланды.

Маалым болгондой, 760 гектар аянтка пландалган шаардын 120 гектары борбордук аймак деп белгиленип, ал жакта административдик имараттар жайгашат.

Андан сырткары билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий, диний жана башка социалдык обьекттер, спорт аянтчалары, эс алуу парктары, автобекет, мейманкана, базар жана өнөн жай аймактары, турак жай кварталдары каралган.

Жыйынга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, орун басарлары, шаар жана район башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Башкы план облус башчысы Мамыржан Рахимовдун шаардын жылытуу системасы, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, электр энергиясы менен камсыздоо үчүн көмөк чордон куруу багытында кошумча сунуш пикирлери менен толукталмай болду. Ошондой эле учурда бир катар мамлекеттик органдар тарабынан административдик имарат куруу үчүн жер участогун сураган билдирүүлөр келип түшүп жаткандыгына байланыштуу да сунуштар айтылып, айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Жетекчилик тарабынан шаар концепциясы жакшы деп бааланды. Адистер үстүбүздөгү жылдын 3-кварталынын аягына чейин толуктоолор киргилизилип, кайра иштелип чыгаарын белгилешти.

Белгилей кетсек, жаңы шаар Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын күн чыгыш тарабындагы 760 гектар аянтка пландалган. Буга чейин жаңы шаарды куруу үчүн 760 гектар жерди трансформациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому чыккан.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы