25 сентябрь 2025

Кароолор: 12

Жаңы-Баткен шаарына сугат суу чыгаруу аракети сыноодон өттү

Жаңы Баткен шаары курулуучу Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын күн чыгыш тарабында, жер астынан суу чыгаруу аракети жакшы натыйжасын көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, Баткен райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 4-сентябрында тике суу кудугун казуу иштери башталып, бүгүн 24-сентябрда суу чыгарылды.

140 метр тереңдикте казуу иштери жүрүп, суу чыккан. Натыйжада жаңы шаарга жер астынан суу чыгаруу аракети сыноодон өттү. Алдыда дагы башка тике суу кудуктарын казуу менен жаңы шаарды сугат суу менен камсыздоо аракеттери уланат.

Негизинен жаңы шаарга Кара-Кол каналынан суу алып келүү мерчемделген. Тике суу кудуктары шаарды сугат суу менен камсыздоодо кошумча ыкма болуп саналат.

Белгилей кетсек, Жаңы Баткен шаарын куруу үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынан 720 гектар жер трансформацияланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы