31 октябрь 2024

Кароолор: 39

Зардалыга уюлдук байланыш жеткирилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, “Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотту.

Бүгүн “Мега” компаниясынын башкы директору Элнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып, маалымат берди.

Өлкө башчысы айыл элин бул саамалык менен куттуктады.

Мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган.

Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Президент администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген.