27 март 2026
Кароолор: 5
Зардалыга кичи футбол аянтчасы курулууда
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен районунун Зардалы айылына жумушчу сапары менен барды.
Облус башчысы айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалын көрүп чыкты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен куулуучу кичи футбол аянтчасынын курулушунан кабар алды.
Белгилей кетсек, 2024-жылы 29-сентябрда Президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, айыл тургундары менен жолугушууда, айылга электр жарыгы, уюлдук байланыш жеткирүү, жол, көпүрө куруу маселесин колдоого алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.
Натыйжада;
- Айылга электр жарыгы жетти. Минималдуу кубаттуулугу 303 КВ болгон автономдуу күн фотоэлектрстанциясын орнотуу иш аракеттери аяктап, турак үй, социалдык обьекттер электр энергиясы менен камсыз болду.
-“Мега” компаниясы айылга уюлдук байланыш орнотуп, айыл тургундарына мобилдик байланыш жана интернет жетти.
-Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы автожолу пайдаланууга берилди. Жалпы узундугу 18км болгон Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы автожолунун курулушунун баасы 888,9млн. сом. Жаңыдан курулган жолдун долбоору боюнча, эски жол 26 чакырымга кыскарды.
-Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.
Белгилей кетсек, Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 км алыстыкта тоо арасында жайгашкан. 2024-жылга чейин айыл эли электр жарыгысыз, байланышсыз жашап, жол азабын тартып келишкен.
Зардалы айылын район менен байланыштырган эки жол бар, автоунаа менен жана жөө өтүүчү. Жолдун бир бөлүгү бийик ашуулар аркылуу өткөндүктөн кышында кар көп жаап октябрь айынан май айына чейин жабылып калчу.
Ошондой эле тургундар тоо боору менен 6,2 чакырым Кожешкен дарыясын бойлоп ат менен жана жөө басчу. Учурда жылдын кайсы мезгили болбосун, автоунаа менен барууга болот.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы