07 август 2023

Кароолор: 43

Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Учурда Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы күчөп турган мезгилде, Баткен өрүгүн сатуу үчүн зор мүмкүнчүлүк болууда. Мындан улам, Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктарды саткан атайын жай ачылууда.

Бул боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов менен сүйлөшүп, атайын жай уюштурууну макулдашты.

Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Максат- Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат.

Облус башчысы жыл сайын сезон учурунда Ысык-Көлдө Баткен өрүгү сатылган жайды иштетүүнү салтка айлантуу боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди.

Бул иш аракетти ишке ашырууга белгилүү багбан Абдулла Ташиев да ар тараптуу көмөк көрсөтүүдө.

Урматтуу багбандар, ишкерлер!

Чолпон-Ата шаарына өрүк сатуу үчүн барууну кааласаңыздар байланышсаңыздар болот.

Бул иш аракетке жоопту катары КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбеков дайындалды.

Толугураак маалымат үчүн 0779302050 номурлуу телефонуна байланышсаңыздар болот.