31 май 2025
Кароолор: 14
Ыр майрамдын Өзбекстан жана Тажикстандан келген коноктору Баткен шаарында жаңыдан курулган, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплекси менен таанышышты

Ыр майрамдын Өзбекстан жана Тажикстандан келген коноктору Баткен шаарында жаңыдан курулган, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплекси менен таанышышты
Мекеме жогорку квалификациялуу адистерди бириктирип, оорулардын диагностикасына жана дарылоосуна комплекстүү мамиле кылууга мүмкүндүк берет. Жогорку деңгээлдеги медициналык жардам менен ар бир бейтапка жекече мамиле камсыз кылынып, алар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Клиниканын багыттары:
1. Соматика: Терапиялык адистердин тобу өнөкөт жана курч инфекциялык эмес оорулардын терең диагностикасын жана дарылоосун жүргүзөт. Бул багытта кардиолог, эндокринолог, гастроэнтеролог, аллерголог жана башка тар чөйрөдөгү адистер иштешет.
2. Хирургия: План боюнча жана шашылыш операцияларды камтыган кеңири хирургиялык кызматтар көрсөтүлөт.
3. Диагностика: Бардык зарыл диагностикалык процедураларды өткөрүү үчүн заманбап жабдуулар менен лабораториялык изилдөөлөр, ультрадобуштук, рентген жана аспаптык-диагностикалык ыкмалары колдонулат.
4. Дарылоочу дене тарбия-программалары бейтаптарды оорулардан жана операциялардан кийин ден соолукту калыбына келтирүүгө багытталган.
5. Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган заманбап конференц-зал бар.
Медициналык борбор төмөнкүдөй жабдуулар менен камсыздалган:
1. Ультрадобуштук изилдөө аппараты:
2. Компьютердик томография:
3. Рентген аппараты:
4. Лабораториялык жабдуулар:
5. Эндоскоптор:
6.Кардиомониторлор:
7. Операция үчүн анестезия аппараты:
8. Телемедицина системалары: Бейтаптарга алыстан кеңеш берүү жана ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы