31 май 2025

Кароолор: 12

ЫР МАЙРАМдын алкагында IV Туристтик көргөзмө жарманкеси өтүүдө

Баткен облусунда өтүп жаткан,Кыргызстан,Өзбекстан,Тажикстан элдеринин достугун даңазалаган Ыр майрамдын алкагында

Туристтик көргөзмө жарманке уюштурулду.

Жарманкеге Баткен облусунун аймагынан келген ишкерлер өндүргөн продукцияларын,кол өнөрчүлөр эмгектерин жайышты.Ошондой эле аймактын айымдары улуттук тамаш аштарын,дыйкан багбандары айыл чарба продукцияларын көрсөтүштү.

Иш чаранын жүрүшүндө атагы алыска кеткен Баткен күрүчүнөн тамак даярдалып,келген коноктор даам татышты.

Төрт-Гүл көлүнүн жээгинде уюштурулган жарманке үч өлкөнүн таланттарынын ыр бийлери менен коштолууда.

Коноктор көл жээгиндеги боз үйлөр шаарчасында,кооз табигатта эс алышты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы