10 май 2024
Кароолор: 37
Ыйгарым укуктуу өкүл А.Алимбаев 94 жаштагы Зульфия апаны Жеңиш майрамы менен куттуктап келди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Чек айылынын тургуну, ооруктун ардагери Зульфия Кожоева ападан кабар алып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.
Белгилей кетсек Баткен облусунун эли быйылкы Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын 93 ооруктун ардагери менен тосууда.
Алардын ар бирине майрамдык куттуктоо менен ар кандай колдоолор,материалдык жардамдар көрсөтүлүүдө.
94 жаштагы Зульфия апа Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген.
Апанын 6 баласы, 30 небере, 60 чебере, эки гыбырасы бар.
Облус башчысы эмгек ардагерине бакубатчылык каалап, ооруктагы каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы