15 май 2025

Кароолор: 26

Yч-Коргон-Дароот-Коргон автожолун куруу боюнча долбоор иштелүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Yч-Коргон-Дароот-Коргон автожолунун абалы менен таанышты.

Аталган жол Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Yч-Коргон айылынан башталып, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылына чейин барат.

Yч-Коргон-Дароот-Коргон автожолунун жалпы узундугу 117 чакырым, анын 0-67 чакырымдар аралыгы Баткен облусунун аймагында жайгашкан, ал эми калган 50 чакырым аралыгы Ош облусуну н Чоң-Алай районунун аймагында жайгашкан.

Жолдун жана көпүрөлөрдүн кайра курулушу, ал аймакта жайгашкан көмүр кендеринен, Баткен жана Ош облусунун жакынкы район-шаарларына көмүр жеткирүүдө жол кыскарып, ыңгайсыздыктар жоюлат. Малчылар үчүн да жайытка чыгуу мүмкүнчүлүгү жакшырат. 7 көпүрө курулуп, жолдун кооптуу участкалары бекемделип, коопсуздук камсыздалат.

Жолдун курулушуна Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенин иштеткен “Беш Арча” ЖЧКсы инвестиция салууга даяр экендигин билдирген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагыы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы