25 июль 2025
Кароолор: 8
Урматтуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары!

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жарандарды жеке кабыл алуусу, 2025-жылдын 29-июль күнү Кызыл-Кыя шаарында болот.
Саат 14:00дөн баштап, облус башчысы жарандарды кабыл алат.
Дареги, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын имаратынын 1-кабаты.
Көчмө коомдук кабылдаманын максаты- облустун алыскы аймактарынын жашоочуларынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жана турмуш шарты оор жарандардын, облус башчысына жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы