20 февраль 2026

Кароолор: 7

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын катышуусунда облустук форум болуп өттү

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын катышуусунда облустук форум болуп өттү

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, чыгармачыл чөйрөнүн, илим жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер, жаштар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун мааниси, анын алкагында маданият, илим жана билим берүү тармактарынын өнүгүүсү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу маселелери кеңири талкууланды.

Форумда төмөнкү темаларда докладдар жасалып, алар катышуучулар тарабынан кызуу талкууланды.

• “Маданият тармагы – улуттук демди бекемдөөнүн жана дүйнөлүк интеграциянын негизги куралы”;

• “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын ишке ашырууда улуттар аралык ынтымактын орду”;

• “Илимдин уңгужолдогу ролу”;

• “Интеллигенциянын уңгужолго тийгизген таасири”;

• “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Баткен облусунда кандай чагылдырылды?”.

Катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, улуттук идеологияны бекемдөө, жаш муунду тарбиялоо, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, илим менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү демилгелер көтөрүлдү.

Белгиленгендей “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коомдун руханий биримдигин бекемдөөгө жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт.