16 февраль 2024
Кароолор: 55
Үй чарбалар 100 % “Санарип аймак” программасына катталган

“Санарип аймак” программасынын негизинде, учурда Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө.
Облус боюнча 586148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 460484 же 78,56 % көрсөткүчтү түзөт.
Ал эми, облус боюнча жалпы үй-чарбаларынын саны 80007 болсо, санарип аймак тутумуна катталган үй-чарбаларынын саны 80007 же 100% көрсөткүчтү түздү.
Бүгүнкү күндө жарандар өзүнө тиешелүү маалым каттарды “Түндүк” системасынан мобилдик тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул иш аракети жайылтуу боюнча жер жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Ошондой эле, электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасы боюнча, райондук мамлекеттик администрациялар, мэриялар жана 31 айыл өкмөттөрү “ИнфоДокс” электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасына толук өткөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары жана айыл өкмөттөрү автоматташтырылган маалыматтык системасынын Е-кызмат тутумун толук 100% ишке киргизүү менен аны ийгиликтүү колдонуп келе жатат.
Бул иш аракеттер, КРнын Өкмөтүнүн, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” цифралык трансформациялык Концепциясын турмушка ашыруу максатын көздөйт. Ага ылайык, областтын аймагындагы район-шаарлар жана 31 айыл өкмөттөрү бүгүнкү күндө интернет байланышы менен толук камсыз болгон.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы