24 январь 2025

Кароолор: 15

Үч-Коргон ЖДПБнун материалдык техникалык базасы чыңдалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун республикалык бюджеттин эсебинен жана бей өкмөт уюмдар менен кызматташуунун натыйжасында, ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен материалдык техникалык базасы чыңдалып, медицина кызматкерлеринин ишин илгерилетүү менен, жарандар үчүн керектүү шарттар түзүлдү.

-ПРООН тарабынан 6 млн сомго заманбап, көчмө жана стационардык санарип рентген аппараты алынды

-Баткен ММК фонду тарабынан жандандыруу бөлүмүнө 4млн сомдук медициналык жабдуулар, операциялык каанага керектүү шаймандар алынды

-Баткен ММК тарабынан от казан имараты оңдоп түзөөдөн өтүп, жылытуу системасы борборлоштурулду

-Баткен ММКтарабынан оорукананын ашканасынын чатыры алмашытырылып, идиштери жаңыланды

-Хасанабад жана Тегирмеч айылына инвесторлордун колдоосу менен 5,5млн сомго ФАП курулду

-Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оорукананын бөлүмдөрү оңдоп түзөөдөн өттү

-Япон элчилиги тарабынан лапороскопия аппараты 89667АКШ долларына алынды

-Ымыркайлар үчүн инкубатор аппараты 590миң сомго алынды

-Баткен ММКфонду тарабынан кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча корпусу 1млн 880мин сомго курулду

- 2 даана жасалма дем алдыруучу аппараты демөөрчүлөр тарабынан 1,5млн сомго алынды

-Жаңы лабороториянын имараты Ассанабил кайрымдуулук фонду, Баткен ММК фонду, демөөрчүлөр тарабынан курулду

-Наркоздук дем алдыруучу аппараты Баткен ММК фонду тарабынан 1млн сомго алынды

-Оорукананын аймагына 1млн 250миң сомго асфальт төшөлдү

-Физиотерапия бөлүмү капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү

- Унаа токтоочу жай 1млн400миң сомго курулду

-Өлүккананын курулушу жүрүүдө

- Аллеянын курулушу жүрүүдө

Мындан сырткары, өткөн жылы оорукананын балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгашкан типтүү имараты республикалык бюджеттин эсебинен 58млн сомго курулган.

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борбору аймактагы 80 миңге жакын элди тейлейт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы