11 сентябрь 2023

Кароолор: 42

“Тынчтык жүгүрүшү” Эл аралык факелдик эстафетасы Баткен облусунан жыйынтыкталды

Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын спорт сүйүүчүлөрү катышкан «Тынчтык Жүгүрүшү» 8-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жетип келишкен, аларды облустун ар бир район шаарынын борборунда, район акимдери жана шаар мэрлери баш болгон жетекчилер, спорт күйөрмандары салтанаттуу тосуп алып, каалоо тилектерин айтып, узатып жатышты.

Эл аралык достукту, элдердин биримдигин чындоого жана дүйнөдө тынчтыкты сактоого, сергек жашоого шыктандырган факелдик эстафетанын алкагында, катышуучулар жанып турган факелди көтөрүп, белгиленген аралыкты чуркап өтүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, эстафета 1987- жылы негизделип, дүйнөнүн 155 өлкөсүндө болуп келген.

Бул жылы Дүйнөлүк "Тынчтык Жүгүрүшү" - 2023 Факелдик эстафетасы өлкөбүздүн Нарын , Жалал-Абад, Ош облустарынан өтүп, Баткен облусунун Раззаков шаарынан 10-сентябрда салтанаттуу жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, эстафета 3-сентябрь күнү Нарын шаарынан салтанаттуу старт алган. Маршруттун Кыргызстандагы жалпы узундугу 882 чакырымды түздү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы