24 март 2025

Кароолор: 6

Туризм боюнча долбоорлорго насыя берилет

Туризм боюнча долбоорлорго насыя берилет

Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү максатында “40 туристтик объект 40 райондо” долбоору старт алды.

Төмөнкү негизи багыттар колдоого алынат.Алар;

Туристтик инфраструктураны реконструкциялоо жана куруу;

Курулуш, оңдоп-түзөө, жабдууларды сатып алуу үчүн;

Айылдагы туризм;

Конок үй, кичи-мейманка, кафе куруу;

Туристтерди ташуу үчүн автоунааларды сатып алуу;

Лизинг программалары;

Жергиликтүү тамак-аш жеткирүү;

Азык-түлүк, жашылча-жемиш сатуу;

Жашыл технологияларды колдонуу;

Күн панелдери, экологиялык транспорт, тазалоочу курулмалар;

Насыя алуучу тараптын долбоорунун маанилүүлүгүнө жараша мамлекеттик же эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен жеңилдетилген шарттар каралышы мүмкүн.Ошондой эле Кепилдик фонддон кепилдик берилет.

Авторлордун иш тажрыйбасы, насыяны төлөө жөндөмдүүлүгү эске алынат.

Толук маалымат алуу үчүн Элдик банктын жер жерлердеги бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы