29 январь 2025

Кароолор: 24

Торговый базарындагы башаламандыкты жөнгө салуу иштери башталды

Бүгүн 29-январда Кадамжай районунда жайгашкан Торговый базарында кызыл сызык чегинен чыккан мыйзамсыз курулуштар, башаламан соода жүргүзүү, тартип, тазалык маселелери боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2-февралга чейин соода жүргүзгөн жайларын мыйзам чегинде иретке келтирүү жагы акыркы ирет эскертилди.

Ош-Баткен-Раззаков жолунун 175-чакырымында жайгашкан Торговый базарында, унаа токтоочу жайдын жоктугунан, унаалар жол четине токтоп, кооптуу абал жаралган. Ал эми соодагерлердин тартипсиздигинен, жөө жүрүүчү тротуарлар азык түлүк сатуучу жайга айланган. Мындан улам чоң жолдо унаалар менен жарандар аралашып жүрүүгө мажбур.

Бул көйгөйдөн улам, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Батырбек Коргонбаев жетектеген райондун тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринен турган комиссия рейдке чыгып, базардагы аталган маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барды.

Комиссиянын айтымында соодагерлерге бир канча ирет эскертүү берилгени менен мыйзамга баш ийбей келишет.

Базардын жетекчилигине чоң жолдогу унаа тыгынын жаратпоо үчүн, жергиликтүү бийлик тарабынан 51сотых жер участкасы бөлүнүп берилгенине карабастан, бул көйгөйдү чечпей келээри маалым болду. Бүгүнкү рейдден соң, базар жетекчилиги унаа токтоочу жайдын курулушун баштоону убадалады.

Белгилей кетсек, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 2-февралынан тарта, облус аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштери башталат.

Максат-жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү.