23 ноябрь 2024

Кароолор: 61

Тартип, тазалык, туруктуу баа боюнча Баткен шаарынын борбордук базарында көчмө жыйын өттү

Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы, “Жол боюндагы тейлөө жана соода объекттеринин мыйзамсыз жайгашуусунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56-жарлыгынын алкагында, бүгүн 23-ноябрда Баткен шаарынын борбордук базарынын аймагында көчмө жыйын өттү.

Көчмө жыйын КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяровдун жетекчилиги астында өтүп, ага шаар мэри Имамназар Бурканов баштаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, тийиштүү бардык мамлекеттик кызматтардын адистери катышты.

Иш чаранын максаты-шаардын борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү, тартипти жана тазалыкты сактоо.

Маалым болгондой, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, шаарды тартипке келтирүү жана башаламан соода жүргүзүү учурларын жөнгө салуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүп келет.

Бирок ага карабай жергиликтүу соодагерлер тарабынан кайдыгер мамиле улантылууда.

Мындан улам, калк үчүн кооптуу кырдаалды түзбөө, ден соолугуна зыян келтирбөө боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Облус башчысынын орун басары менен шаар мэри, дүкөн ээлерин жарандар жөө жүрүүчү жолдо соода кылбоо, тургундарга тоскоолдук жаратпоону, мөмө жемиш, тамак-аш азыктарын сатуучуларга санитардык нормаларды сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагын эскертишти. Максат- калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо экенин түшүндүрүштү.

Жетекчилер бул күнү көмүр саткан жайга да барып, сатуучулар жана сатып алуучулар менен жолукту.

Сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатпоо, монополияга каршы жөнгө салуу мекемеси тарабынан бекитилген баадан ашырбоо керектиги айтылды.

Ага ылайык, калк тарабынан суроо талап жогору болгон БР маркасындагы көмүр, Баткен шаарынын аймагында 8сом 50 тыйындан ашпоосу керек. Бул баадан жогору сатылган учурда, соодагерлерге чара көрүлүп, айып пул салынаары эскертилди.

Алдыда көчмө жыйындын жыйынтыгы менен координациялык кеңешме өткөрүлүп, тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарымукуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы