21 ноябрь 2025

Кароолор: 8

СҮЛҮКТҮДӨ МАДАНИЙ БОРБОР КОМПЛЕКСИ АЧЫЛДЫ

СҮЛҮКТҮДӨ МАДАНИЙ БОРБОР КОМПЛЕКСИ АЧЫЛДЫ

Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндө

жаштарды маданий жактан өнүктүрүү, тийиштүү шарттарды түзүү жана

колдоо максатында 66млн сомдук “Маданий борбор комплекси”

долбоору ишке ашты.

Бүгүн мекеменин ачылуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов,Маданият,маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев,Сүлүктү шаарыны мэри баш болгон жергиликтүү жетекчилер катышты.

Айбек Шаменов, шаар тургундарын бул саамалык менен куттуктап,бул борбор келечек муун болгон жаштардын жөндөмүн,талантын өнүктүрүүгө зор өбөлгө болуусуна ишеничин билдирди.

Маданий борборго КРнын Билим берүүсүнүн мыктысы,КРнын Маданиятына эмгек сиңирген кызматкери Увадат Сабурованын ысмы ыйгарылды.

Курулушка 2023-жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, Республикалык

бюджеттен бөлүнгөн 500,0 млн сомдун эсебинен 50млн сом каражат бөлүнгөн.Ал эми жергиликтүү бюджеттен 12млн сом каржыланган.

Учурда жаңы имаратка шаардык тарых музей, борборлоштурулган китепкана

тармагы, балдар китепканасы жана шаардык балдар искусство мектептери

комплекстүү жайгаштырылды.

КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан оргтехника, элдик аспаптар, эмеректер алынып берилди.Ал эми жергиликтүү бюджеттен улуттук кийимдер алынды.ПРООН тарабынан эмеректер алынган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы