21 апрель 2025

Кароолор: 8

Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Сүлүктү шаарындагы жаңыдан ачылуусу күтүлүп жаткан көмүр кендеринин иши менен таанышты.

Сүлүктү шаарындагы “У Линь Групп” Жоопкерчилиги чектелген коомунун көмур кени 2025-жылдын аягына ачылуусу күтүлүүдө. Ишкана жылына 1млн тонна көмүр өндүрүүсү күтүлөт. 300 адам жумуш менен камсыз болот.

Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн керектелүүчү акча каражаты 40 млн АКШ долларын түзөт, учурда 5 млн. АКШ доллары жумшалган.

Сүлүктү шаарындагы ачылуучу экинчи көмүр кени, “Мурас-1” ЖЧКнун кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9,0 млн. сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү акча каражаты 11,2 млн сомду түзөт. Ишкананы жыл аягына пайдаланууга берүү пландалган.

А.Ташбалтаев өнөр жай ишканаларынын ачылуусу облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, ишканалардын толук кандуу ишке кирүүсү үчүн жериликтүү бийлик бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын аягына облуста 13 ири өнөр жай ишканасынын ачылуусу пландалган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы