03 февраль 2026
Кароолор: 7
Сугат каналдарынын коргоо аймактары мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда
Кызыл-Кыя шаарынан жана Кадамжай районунан агып өткөн Тешик каналынын сыйымдуулугу 1 куб, жалпы узундугу 23км. Анын 4.7км аралыгы Кызыл-Кыя шаарын аралап өткөн. Бул аралыкта каналдын коргоо аймактары сакталбай, суунун үстүнө жарандар өз билемдик менен ар кандай курулуштарды куруп алган.
Натыйжада каналды тейлөө жолдору жабылып калып, оңдоп түзөө, тазалоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Мындан улам КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, ирригациялык объекттин абалын жеринен көрүп, шаардык мэрия менен райондук суу чарба башкармалыгы биргеликте, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, каналдын айланасындагы курулуштарды тазалап, каналды оңдоп түзөө иштерин бүткөрүүнү тапшырды.
Ушундай эле абал Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Анхор каналынын айланасында да болгон. Бирок учурда каналдын коргоо аянттарына өз алдынча курулуш куруп алган жарандар, өз ыктыяры менен курулуштарын бузуп, тазалап берүүдө.
Натыйжада жалпы узундугу 18,6 км. каналдын 300 метр аралыгы оңдоп түзөөдөн өтүп калды. Сугат каналы 3,5 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылат. Оңдоп түзөө иштерине Азия өнүктүрүү банкынан 3 млн сомго жакын акча каражаты каралган.
Максат- суу жоготууларды азайтып, сугат суу берүүнү жакшыртуу.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы