12 июнь 2025
Кароолор: 4
Саркент – Ак-Суу дарыясынын жээгине 2500 метр узундуктагы таш дамба каналынын курулушу жүрүүдө

Саркент – Ак-Суу дарыясынын жээгине 2500 метр узундуктагы таш дамба каналынын курулушу жүрүүдө
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, облус башчысы Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен, Лейлек районундагы Саркент – Ак-Суу дарыясынын жээгине 2500 метр узундуктагы таш дамба каналынын курулушунан кабар алды.
Аталган дарыянын жээгине таш дамба куруу үчүн республикалык бюджеттен 2024-жылы 50 млн сом каржыланып, жалпы 2360 метр аралыкта жумуш аткарылган.
Каналдын бир тарабы 1279 м бүткөн, 2-чи тарабы 1085 м бүткөн. 2025-жылдын 30-мартында долбоордун 1-чи этабы аяктап, аткарылган.
Ал эми 2025-жылы 81,0 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 2-этабы башталган. Курулушту 2025-жылдын 30-сентябрында аяктоо пландалган, Абдирашит Ташбалтаев курулуш иштери менен таанышкан сон, долбоорду өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен, сапаттуу кылып бүтүрүү тапшырмасын койду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы