18 апрель 2026

Кароолор: 6

Р6 каналына суу берилди

Р6 каналына суу берилди

Жалпы узундугу 15,500км болгон каналдын дээрлик 10км аралыгы капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, бүгүн 18-апрелде дыйкандарга суу берилди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, жеринде жетекчилер менен жолугуп, дыйкан фермерлерге үзгүлтүксүз суу берүү, суу пайдалануучулар менен суу чарба башкармалыгынын ортосунда келишимдерди жана графигин түзүүнү тездетүү, төлөм жүргүзүү жолдорун ыңгайлаштыруу маселелери боюнча тапшырмаларды берди.

Каналдын буга чейинки сыйымдуулугу 3,7 куб болгон, оңдоп түзөөдөн соң 4,8кубка көбөйдү.

Натыйжада Баткен районунун Чоң-Талаа айыл аймагында 300 гектар жерди жаңыдан өздөштүрүү пландалып жатат.

Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын жана Баткен районунун Чек,Жаңы-Жер,Чоң-Талаа айылындагы 3,5мин гектар жер аянты сугарылат.

2026-жылдын январь айында башталган курулуштун сугат мезгилине чейин 1- этабы бүткөрүлдү, сугат мезгилинен кийин 2 этабы жүрөт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы