16 март 2026

Кароолор: 6

Президенттин фондунан Баткенге 10 кичи футбол аянтчасы курулат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен,Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы курулат.

Бул боюнча бүгүн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, футбол аянтчасы курулуучу жерлерди көрүп чыкты.

Облус башчысы жеринде тийиштүү жетекчилерге курулушка байланыштуу тапшырмаларды берип,жергиликтүү элге өлкө башчысынын колдоосу менен курулуучу футбол аянтчалары жаштарды спортко шыктандыруу менен футболду өнүктүрүү максатында курулаарын белгилеп,футбол аятнчасы жергиликтүү бийликке катталып,жалпы элге кызмат кылаарын белгиледи.

Курулуш иштери эки айлык мөөнөттө бүткөрүлүп,пайдаланууга берүү пландалган.

Футбол аянтчалары төмөнкү аймактарда курулат;

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак, Булак-Башы аймактык башкармалыктарына.

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына,Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ,Кыштут айылдарына,Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак, Зардалы айылына,Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылына курулмакчы.

Мындан сырткары, өлкө башчысынын колдоосу менен, облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу иштери уланат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы