22 май 2026

Кароолор: 8

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жайкы туристтик сезондогу коопсуздук маселелери талкууланды

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жайкы туристтик сезондогу коопсуздук маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилигинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калктын коопсуздугун камсыздоо жана туристтик сезондогу тобокелдиктерди азайтуу боюнча жыйын өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн төмөнкү багыттардагы буйруктарынын аткарылышы талкууланды.

•2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу, жумушчу топ түзүү

• Баткен облусунда 2026-жылдагы туристтик сезондо жайкы эс алууда сууга түшүүнүн, өрт коопсуздугунун жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу.

Жыйынга тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, район-шаарлардын өкүлдөрү жана жооптуу кызматкерлер катышты.

Бактыбек Токсонбаев өз сөзүндө жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле жайкы туристтик сезондун башталышы менен көлмөлөрдө, суу каналдарында жана эс алуу жайларында коопсуздук талаптарын сактоо, өрт коопсуздугун камсыздоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырмалары берилди.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулуп, коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар милдеттер коюлду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы