16 апрель 2025
Кароолор: 9
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылы боюнча комиссия жеринде иш алып барууда

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен, Өзбекстандын Кара-Жантак айылын Кыргызстандын курамына кошуу боюнча макулдашуу жетишилген.
Ага ылайык Кара-Жантак айылы Баткен облусунун Кадамжай шаарынын курамына кошулган.
Бүгүн аталган айылдын жашоочулары менен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жолукту.
Облус башчысы айыл элине Кара-Жантак айылынын бардык муктаждыктарын чечүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөнүн айтып, жумушчу топтун төрагасы КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевди элге тааныштырып, жумушчу топ айылга тийиштүү маселелер толук чечилгенге чейин иш алып бараарын айтты.
Ошондой эле облустук, райондук мекеме ишканалардын жетекчилеринен турган комиссияга, биринчи кезекте айыл элинин социалдык муктаждыктарын канааттандырууну тапшырды.
Бул күнү жумушчу топ айыл элинин суроо талаптарын угуп, комиссиянын отурумунда зарыл болгон паспорт, пенсия, жөлөк пул берүү, ичүүчү жана сугат суу маселесин чечүү, жерлерди инвентаризациялоо, айыл статусун берүү багытында маселелерди карашты.
Ошондой эле мектеп, бала бакча, дарыкана, жайыт, жумуш орундары сыяктуу муктаждыктарды чечүүнү талкуулашты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, буга чейин айылдын 539 тургунундарына кыргыз жарандыгын тастыктаган паспорттор тапшырылган. 124 пенсионерге пенсия берилүүдө. Айылда жалпы 891 жаран жашайт.
Облус башчысы Айбек Шаменов бул күнү айылдын абалын да көрүп чыкты.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы