23 октябрь 2025

Кароолор: 18

Өзбекстандан келген журналисттер Мадыген геопаркы менен таанышты

Өзбекстандан келген журналисттер Мадыген геопаркы менен таанышты

Баткен облусуна таанышуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Өзбекстандан келген журналисттер тобу Баткен районундагы Мадыген геопаркына таанышуу саякатын жасашты.

Сапардын алкагында коңшу өлкөдөн келген телеканал, радио, гезит жана интернет басылмаларында иштеген журналисттер, Мадыгендин түркүн түстүү тоолору менен ачык асман алдындагы табигый кооз көрүнүшүнө күбө болушту.

Журналисттерге аймактын геологиялык өзгөчөлүктөрү, туристтик жана илимий мааниси тууралуу маалымат берилди.

Меймандар Мадыгендин уникалдуу жаратылыш көрүнүштөрүн сүрөткө тартып, эстелик үчүн да сүрөткө түшүштү.

Өзбекстандык журналисттер бул аймак Борбор Азиядагы экотуризмди өнүктүрүүдө жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгын белгилешти.

Мындай сапарлар эки өлкө ортосундагы достук жана маалыматтык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле облустун туристтик дараметин кеңири таанытуу максатын көздөйт.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы