04 ноябрь 2024

Кароолор: 122

Орусияда жаштарга Кыргызстан жөнүндө маалымат берилди

4-ноябрь Улуттук биримдик күнүнө карата, Россия Федерациясынын Пенза мамлекеттик университетинде билим алып жаткан баткендик студент Жавохир Маматкулов баштаган кыргыз жаштары, Пенза шаарындагы жаштарга Кыргызстан тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандык студенттер жаштарга жана мектеп окуучуларына Кыргызстандын калкы, маданияты, каада-салты, баалуулуктары боюнча маалымат берип, улуттук буюмдары, тамак аштарын көрсөтүштү.

Кыргызстан боюнча кызыктуу фактылар, урунттуу окуялары, кооз жаратылышы жаштардын Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырып, иш чара көптөгөн суроо жооптор менен уланды.

Жаштар бул иш чара Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу менен катар, башка элдер менен достукту чыңдоосуна өбөлгө болот деп эсептешет.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы