17 апрель 2025

Кароолор: 105

Өрүкзар поэзиясына 35 жыл Жаш акындар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Өрүкзар поэзиясына 35 жыл

Жаш акындар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Баткенде өткөн Эл аралык "Өрүкзар поэзия" фестивалындагы жаш акындар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңүүчүлөр "Курбаналы Сабыров" атындагы сыйлыктын лауреаты болушту.

Жыйынтыгында жаш акын Максат Жангазиев баш байгени жеңип,100миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

1- орунду Гүлүмкан Исаева

2- орунду Махабат Касенова

3-орунду Жибек Сапар кызы

3-орунду Бүкалча Мамадали кызы ээледи.

Бардык жеңүүчүлөр төш белги жана акчалай сыйлыктарга татыды.

Белгилей кетсек, эки күн бою Лейлек районунун Раззаков шаарында акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган "Өрүкзар поэзиясы" фестивалы өтүп,ага Өзбекстан,Тажикстан,Казакстандан адабият сүйүүчүлөр катышты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы