21 декабрь 2023

Кароолор: 58

Өлкөдө бала бакча ачуу талаптары жеңилдеген

                                                                                                                                                                Бүгүн Баткенде Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик акселераторлорун масштабдоо боюнча багыттоочу кеңешме болуп жатат.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдордун жетекчилиги астында өтүүдө.

Кеңешмеде катышуучуларга Бишкек шаарында жүргөн мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик акселераторлорун ишке ашыруу тажрыйбасы тааныштырылды жана аны Баткен облусунда ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары  талкууланды.

Бул багытта облуста жумушчу топтордун курамын аныктоо, иш-чаралардын планын иштеп чыгуу маселелери каралды.

Асел Чынбаева өз сөзүндө, 2023-жылдын башында Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы балдардын 24 пайызы гана бала бакчаларга бараары такталганын жана бул өтө аз көрсөткүч болгондуктан абалды өзгөртүү үчүн август айында жаңы мыйзамга кол коюлганын айтып өттү. Ага ылайык, үй тибиндеги бала бакчаларды ачууда ишкерлерден лицензия талап кылынбайт, болгону  эң негизги санитардык жана коопсуздук эрежелерин сактоо талап кылынаарын белгиледи.  

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы