17 январь 2025
Кароолор: 14
Облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен социалдык муктаждыктар жеңилдөөдө

Баткен районунун Бужум айылынын Ынтымак жаңы конушуна 25 орундуу бала бакча курулууда.
Жалпы сметалык баасы 12млн сомду түзгөн курулушка Баткен облустук өнүктүрүү фондунан 4млн сом ажыратылып, КОЙКА жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен да каражат каралган.
Жаңы конуштан 400 жаранга жер тилкеси берилген. Негизинен жаш үй-бүлөлөр жайгашып жаткан конуш, айылдын борборунан алыс болгондуктан бала бакча куруу зарылчылыгы пайда болгон.
Өнүктүрүү фонду мына ушундай жаңы конуштардын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында Баткен районунун жаңы түзүлгөн Момунов айылына да 1млн 300миң сомго электр энергиясын жеткирген.
Облустук өнүктүрүү фонду 2024-жыл ичинде облуста 12 долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн. Долбоорлор чакан ишканаларды ачууга, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Мындан сырткары фонд тарабынан 6 ишкерге жеңилдетилген насыя берилген. Анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга багыталган “Социалдык келишим” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган жарандардын, ишкердигин кеңейтүү аракеттери колдоого алынган.
Өнүктүрүү фонддорунун колдоосу, жергиликтүү бийлик демилгелеген иш чараларды ишке ашырууга өбөлгө болууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы