25 июль 2023
Кароолор: 55
Облустук коллегия: Баткенде алты айда 23 жаңы ишкана ачылды

2023-жылдын алты айын жыйынтыктаган облустук коллегия болуп өттү. Коллегияга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустун активи катышты.
Маалыматка ылайык, облустун өнөр жай продукциясынын көлөмү алты айда 130,3% ды түздү.
Айыл-чарба 102,8%
Рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 109,6%
Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 102,4%
Орточо эмгек акынын көлөмү 25 миң 537 сомду түздү.
Негизги өнөр жай ишканаларынын ичинен 56 ишкана өсүүнү камсыз кылышты.
-Облустун аймагында 23 жаңы ишканалар ачылып, 456 жаңы жумушчу орундар түзүлдү. Жаңы иш орундарын түзүүдө Кадамжай районунда “Дуваташ”, “Кадамжай Майнинг” ЖЧКлары, Лейлек районунда 2 жаңы тигүү цехтери жана Сүлүктү шаарында жаңы ачылган 3 шахталары зор салым кошту.
-Жол куруу тармагында 2023-жылга жалпысынан 48,8 км жолду асфальтоого 122,4 млн. сом каралган. Анын ичинен 12,3 км жол асфальтталды. Андан сырткары стратегиялык маанидеги жолдорду куруу жана оңдоого жалпысынан 70,5 км жолго 127,5 млн сом каралып, бүгүнкү күндө 44 км жол курулуп, оңдолду.
-Социалдык обьектилердин капиталдык курулушу өз нугунда жүрүүдө. 2023-жылдын титулдук тизмесине 46 объект кирген, анын ичинен 23 объект капиталдык курулуш, 17 объект капиталдык оңдоп түзөө, 6 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу иштери болууда.
-“Жеңилдетилген каржылоо 11” долбоорунун алкагында 6 % жеңилдетилген насыялар берилип келет. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 508 ишкерге 232,1 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди.
-Инвесторлордун колдоосу менен Баткен районунда Кара-Кол каналынын 740 метрин бетондоо иштери жүрдү жана 1950 метр труба түтүкчөлөр орнотулду. Ал эми Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди.
-6 ай ичинде облуста ар кандай долбоор жана иш чараларга 1 895,7 млн сомдук инвестиция тартылды.
-6-айда Баткен облусуна келген туристтердин саны 28 255 адамды түзүп, анын ичинен 2200 чет элден келген туристтер болду.
-Калыбына келтирүүнүн алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуяда жалпысынан 417 турак үй жабыркап, бүгүнкү күндө үйлөрдүн курулушу толук бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
-Социалдык объекттерди калыбына келтирүү боюнча 27 социалдык объектте иш жүрүп, анын ичинен 9 объект бүткөрүлдү.
-Өзгөчө статусу бар айылдарда жашаган пенсионерлер кошумча 2000 сомдон компенсация алууда.
-Өзгөчө макамдын алкагында жалпы облус боюнча 5494 үй-бүлөгө же 17385 балага “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулга кошумча 1000 сомдон компенсация төлөнүп берилди.
-2023-жылы 1097 үй-бүлөгө 100 миң сомдон социалдык кайтарымсыз жардам берилген
-2022-2023-окуу жылында "Алтын тамга" аттестатына 14 бүтүрүүчү ээ болду. Республикалык тестирлөөгө жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 66,73%ы катышып, алардын ичинен 51,37% бүтүрүүчүлөр 110дөн жогорку упайларды алышкан.
Коллегиянын жүрүшүндө облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна мамлекет тарабынан зор колдоолор болуп жатканын, облустун бардык айылдарына өзгөчө статус берилип, токтом чыкканын, анын алкагында бир канча жеңилдиктер каралганын белгиледи. Аны менен катар КР Президенти, Министрлер Кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларды мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу иштери турганын айтып, бир катар тапшырмаларды койду. Алар,
-Жогорку мамлекеттик органдардын тапшырмаларынын аткаруу тартибине өзгөчө көңүл буруу
-Ар бир жетекчи иш план менен иштөө сапатын адатка айлантуу.
-Чек ара аймактарындагы жаңыдан курулган үйлөрдү документтештирүү
-Жол тейлөө мекемелеринин жол курууда сапатты камсыз кылуусу,
-Энергетика тармагындагы кырдаал боюнча элге туура маалымат берүү, кышка даярдык көрүү боюнча туура жумуш алып баруу
Туризмди өнүктүрүү,тийиштүү шарттарды түзүү, туристтик жеке компаниялар менен кызматташуу,
- Курулуш компаниялары менен жергиликтүү бийлик облустун аймагындагы курулуштардын өз убагында жана сапаттуу бүтүүсү үчүн жумушчуларды тартууда биргелеликте иш алып баруу,
-Мектеп окуучуларынын ысык тамагын уюштурууда жоопкерчиликтүү мамиле жасоо
-ЖОЖго кабыл алууда аймактагы кадр маселесине анализ жүргүзүү, жетишпеген адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөргө багыттама берүү менен, алардын жогорку билим алуусу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо
-Тазалыкка көңүл буруу. Өзгөчө Баткен шаарында “Тазалык” ишканасынын жумушчуларынын санын көбөйтүү,
-Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Апаз Жайнаковдун ысмын ыйгаруу боюнча иштерди алып баруу
-Салык тармагында көмүскө экономикага жол бербөө
-Медицина кызматкерлеринин дарегине айтылган коррупция,сапатсыз кызмат көрсөтүү боюнча сын пикирлерди жоюу, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо
-Базар бааларынын жогорулап жатышы боюнча Монополия каршы жонгө салуу мекемесинин ишинин жыйынтыгын байкоо, көмүр баасын туруктуу кармоо боюнча иш алып баруу
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.