09 февраль 2024

Кароолор: 131

Облустук коллегия: Баткен облусу жыл жыйынтыгын чыгарды

Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү,өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышууда.

Коллегияны КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачып, облустун бардык тармактары боюнча маалыматтар берилүүдө.

Жыл ичинде өнөр жай өндүрүшүнөн алынган продукциясынын физикалык көлөмү 120,8 пайызга,

рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү салыштырмалуу баада 111,1 пайызга, дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди ондоонун көлөмүнүн реалдуу өсүүсү 112,2 пайызга, бардык каржылоо булактарынын эсебинен жумшалган капиталдык салымдарды өздөштүрүү 124,3 пайызга, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 96,9 пайызга камсыз кылынып, эмгек акынын көлөмү 26053,6 сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,4 % га жогорулады. Салык топтоонун көлөмү 104,5 % аткарылды.

Инфляциянын деңгээли облустун аймагында 111,3 пайызды түздү.

2023-жыл ичинде 2796 кичи жана орто ишканалар катталып, 3940 ишкерлер алектенишип келишүүдө, ошону менен бирге 43450 жеке ишкерлер жана 33082 фермердик жана дыйкан чарбалары катталып жеке сектордо ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Жеке ишкерлер тарабынан- 6277,6 млн.сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлдү , 1370,0 млн.сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү.

Кичи жана орто бизнесте иштегендердин эсебинен 18951,2 млн.сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлдү, 17310,8 млн.сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү.

2023-жыл ичинде жалпысынан Баткен облусуна 2264,8 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 2366,8 млн. сом чогултулуп план 104,5%, же болбосо планга салыштырмалуу 102,0 млн. сомго көп чогултулган.

Республикалык бюджетке 1276,5 млн. сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 1299,9 млн сом чогултулуп план 101,8 % аткарылды же болбосо 23,4 млн сомго көп жыйналды.

Жергиликтүү бюджетке болсо 988,4 млн. сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 1067,3 млн сом чогултулуп план 108 % ке аткарылып 78,8 млн сом көп чогултулду.

Жалпы Баткен облусу боюнча 6238 ККМ катталды. Анын ичинен аппараттык ККМ –3290, мобилдик ККМ - 2948.

Салык төөлөчүлөрдүн ичинен 6008 субъектилерге ККМ орнотулуп активдештирилди.

Дем берүүчү грант боюнча 107176,9 мин сомдук иштер аткарылды. Анын ичинен дем берүүчү грант эсебинен 70392,2 мин сом, өздүк салымдар эсебинен 36779,7 мин сомдук иштерге акча каражат сарпталды.Бул каражаттар район, шаарлардын инфраструктурасын жакшыртууга каржыланып берилди.

Өнүктүрүү фонду

Баткен облусун өнүктүрүү фондуна 2023-жылга карата 150 000 000 сом каралып, 17 долбоорго 139 425 616 сом каржыланды.

Инвестиция боюнча

2023-жыл ичинде жалпысынан 15 млн 840 миң долларлык (1 млрд 378 млн сом) чет өлкөлүк инвестиция тартылган, анын ичинде тикелей түшкөн инвестициянын суммасы 453 миң 700 доллар (39 млн 471 миң сом), башка инвестициялар 15 млн 387 миң (1 млрд 338 млн сом) долларды түздү.

Жыл ичинде облустун аймагында тынчтыкты камсыздоо, чек ара маселелерин чечүү үчүн кыргыз-тажик республикаларынын бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү менен жалпы 43 жолу жолугушуулар өткөрүлдү.

2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуясында Баткен, Лейлек райондорундагы жабыркаган 27 социалдык объекттин 12си оңдоп-түзөөдөн өтсө, 15 социалдык обьект жаңыдан курулуп пайдаланууга берилди.

Жарандардын 417 турак үйү курулуп ээлерине тапшырылды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдары толугу менен кайра курулду.

Чыгымга учураган 378 жарандын 36 млн 400 миң сомдук кредиттери жоюлуп, 230 жарандын 324 млн 300 миң сомдук кредиттерине жеңилдиктер берилди.

Жалпы 210 ишкерге 63 млн сом компенсация төлөнүп берилип, 140 ишкерге 120 млн 600 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Мындан сырткары чек арада

-Каза болгондорго 1 млн сомдон,

-оор жаракат алгандарга 200 миң сомдон,

-жеңил жаракат алгандарга 100 миң сомдон,

-турак үйлөрү өрттөнгөн 425 үй ээлерине 300 миң сомдон,

-жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын жалпы 618 менчик ээлерине 135 млн 900 миң сом,

-жалпы 282 млн сомдун тегерегинде акчалай компенсациялар төлөнүп берилди.

Калыбына келтирүү иштерине баары болуп, 2 млрд 444 млн сом акча каражаты жумшалды.

Баткенди өнүктүрүү үчүн 2023-жыл ичинде 541 млн 800 миң сом бөлүнүп берилди.

Бөлүнгөн каражат эсебинен облуста жалпысынан 40 иш чараны ишке ашыруу пландалып, бүгүнкү күндө 36 долбоор ишке ашырылып жатат.

Өнүгүү багытында жалпысынан 52 объект курулуп, пайдаланууга берилди. Алар 21 мектеп; 10 бала бакча; 8 саламаттык сактоо мекемеси; 6 таза суу объектиси ; 3 маданият мекемеси ; 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп түзөөсү бүткөрүлдү. Аталган иштерге жалпысынан 1 млрд 129 млн 500 миң сом акча каражаты сарпталды.

2023-жылга 106 айылдын 365459 калкы же 64% ыичүүчү таза суу менен камсыздалды. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен таза суу куруу долбооруна облус боюнча 28 айыл киргизилди. Бүгүнкү күндө 6 айылдын ичүүчү таза суу тутумдары долбоорлоо иштери жүрүп жатат. 2022-2024-жылдарга Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен таза суу курулуучу айылдардын тизмесине 97 айыл сунушталган.

Автомобилдик жолдорду курууда 48,2 км жолго асфальт, 84 км жолго шагыл төшөлүп, 734млн 300миң сомдук иштер аткарылды.

Жыл ичинде “РСК Банк”, “Айыл Банк” тарабынан жалпы 528 ишкерге 241,5 млн сом жеңилдетилген кредит берилди.

Жер мунапысы боюнча 2024-жылдын 26-январына карата түшкөн арыздардын сына 6017. Бүгүнкү күнгө 5133 арыз документтери толукталып доскаларга илинген. Берилген техпаспорттордун саны 2022, берилген мамлекеттик актылардын саны 2192. Райондук мамлекеттик администрациялардын чечими менен трансформация болгон жерлердин аянты 368,4 га, мамлекеттик акт берилген жерлердин аянты 253,5 ганы түздү.

Өзгөчө статус алган 92 айылда туруктуу жашаган 21 723 пенсионерге 2000 сомдон, 5 589 үй-бүлөнүн 17 767 баласына “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулга кошумча 1000 (миң) сомдон кошумча компенсациялык төлөм төлүнөп берилүүдө.

Социалдык контракт боюнча 1097 үй-бүлө социалдык келишимге ээ болушту, Бүгүнкү күндө облуста жакырчылыктын денгээли 19,8%ды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1 048 үй-бүлөгө кыскарган.

Жаңы жумуш орундарын түүзүү: 2023-жылдын жыйынтыгы менен облустун аймагында 5 632 жумуш орун түзүлгөн, бул көрсөткүч өкөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 1022 жумушчу орунга көп же 122,2%ды түзгөн.

Туризмди өнүктүрүү жаатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык Баткен жергесинде жайгашкан уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында Баткен районунда жалпы аянты 8 160 гектардан турган “Мадыген” жаратылыш эстелиги түзүлдү.

Уникалдуу, өзгөчө табияттын кооздугуна ээ болгон Кадамжай районунун “Дугаба” капчыгайында 33 814 144 сомго “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы ишке кирди.

“Санарип аймак” программасынын негизинде айыл аймактарындагы чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө, жарандарга электрондук маалым каттар берилүүдө. Облус боюнча 586148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 454390 же 77.52 % көрсөткүчтү түзөт.

Ал эми, облус боюнча жалпы үй-чарбаларынын саны 80007 болсо, санарип аймак тутумуна катталган үй-чарбаларынын саны 80007 же 100% түзөт.

Спорт тармагы боюнча. Баткен облусу боюнча 2023-жылы 35 500 000 сомдук 2 спорттук зал, 9 800 000 сомдук 3 кичи футбол аянчалары курулду.

Коллегиянын соңунда тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар,милдеттер коюлду.

Ал эми облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө,чек ара аймактарын калыбына келтирүүгө салым кошкон жетекчилер КР Президентинин тапшырмасына негизинде "КР Конституциясына 30жыл" мааракелик медалы,КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын "Ардак Грамотасы"менен сыйланышты.

Ошондой эле жыл жыйынтыгы менен Лейлек району "Жылдын мыкты району",Кызыл-Кыя шаары "Жылдын мыкты шаары" деп табылып,ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин сыйлыгына татышты.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы