26 июль 2024
Кароолор: 35
ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ: Баткен облусу жарым жылдын жыйынтыгын чыгарды

25-июлда, 2024-жылдын алты айын жыйынтыктаган облустук коллегия болуп өттү. Коллегияга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустун активи катышты.
Жыйын облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошкон инсандарга сыйлык тапшыруу аземи менен башталды.
Андан соң биринчи жарым жыл ичинде, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар айтылды. Маалыматка ылайык,
Өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 3376,1 млн сомду түзүп, физикалык көлөмү 102,0 пайызга аткарылды.
Областтын аймагындагы негизги өнөр жай ишканаларынын ичинен 50 ишкана 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүүнү камсыз кылышты.
Ал эми айыл чарбасында өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү 8780,3 млн. сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,6 пайызды түздү.
2024-жылдын түшүмү үчүн жалпы 5916 га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген.
1-июлга карата 3028,7 тонна кылкандуу дан эгиндери жыйналып алынды.
“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында облус аймагында 509 ишкерге 207,6 млн сомдук жеңилдетилген насыялар берилди.
Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгында 2024-жылга карата Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу 89 обьектиде иш жүрүүдө. Анын ичинде Капиталдык курулуш 40 объект, капиталдык оңдоп түзөө 20 объект, таза-суу 17 объект, долборлоо 12 объект.
Облуска 1255,9 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо планы белгиленип, иш жүзүндө 1310,4 млн сом аткарылып 104,3 % түздү, же болбосо планга салыштырмалуу 54,5 млн. сомго көп чогултулган.
Облус аймагында отчеттук мезгилде жалпысынан 2676,3 млн сомдук инвестиция тартылган.
Облус башчысы жарым жылдын жыйынтыгы менен бардык тармактардагы жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгилеп, айрым жетекчилердин ишин сынга алса, айрымдарына чара көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле облус активине жылдын аягына чейин аткаруу үчүн төмөнкү тапшырмаларды койду.
-Салык топтоо боюнча коюлган план тапшырмаларды аткарууга алып, планга жеткирүү иштерин күчөтүү;
-Экономиканын тармактарын өнүктүрүү, кошумча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу жана резервдерди пайдалануу;
-Экспорттук потенциалды жогорулатуу;
-Эл арасында электр энергияга бекитилген тарифтер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, көмүр сатуучу базаларды ачуу;
- Жылдын аягына чейин ишке берилүүчү ири өндүрүштүк долбоорлордун сапаттуу жана мөөнөтүндө ишке ашырууга жетишүү;
-Автомобиль жолдорунун жээгиндеги тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш аракеттерди күчөтүү;
-Социалдык жана ирригациялык обьекттердин курулуштарын көзөмөлдөө;
-Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүү;
-Аймактагы соода түйүндөрүн, мал базарларды, таштанды таштоочу полигондорду иретке келтирүү;
-Бардык жерлерге 1-айлык мөөнөттө инвентаризация жүргүзүү;
-Агрокласстерди өнүктүрүү боюнча иштерди жандандыруу;
-Көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин жүргүзүү жана күчөтүү;
-Жер-жерлерде жаратылыш кырсыктарын, суу ташкындарын алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү;
-Облустун аймагындагы базарларда ККМ аппартын колдонууну колго алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ;
-Монголиянын Дундговь аймагынан Баткен облусуна алынып келе турган асыл тукум тыбыттуу эчкилердин эсебин тактоо жана аларды алып келүү маселелери боюнча иш алып баруу;
-Туристтик мезгилдин жүрүшүндө чек ара өткөрмө пунктарында инфраструктуралык абалды иретке келтирүү боюнча иш алып баруу;
-Тиешелүү министрлик жана ведомстволордон келген бизнес жана инвестициялык форумдарга ишкерлерди катыштыруу боюнча активдүү иш алып баруу;
-Өзбек Республикасынын Кувасай шаарында «Кыргыз соода үйүн» ачуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү;
-“Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү 2” инвестициялык форумду уюшкандыкта өткөрүү.
-Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25-жылдыгын уюшкандыкта өткөрүү;
-“Жашыл мурас” жана “Бир мекеме-100 көчөт” өнөктүгүнүн алкагында аткарылган иш аракеттердин жыйынтыгы боюнча конкреттүү иш алып баруу;
-Жер мунапысынын алкагында тийиштүү көрсөткүчтү камсыз кылуу;
-Облустун аймагында балдардын жана энелердин өлүмүнүн алдын алуу;
-Мектеп, балдар бакчаларынын ачылышына чейин ремонт иштеринин, окуу китептеринин сапатына көңүл буруу;
-Элдерден түшкөн арыз каттардын үстүндө жоопкерчилик менен иштөө, маселени жеринде чечүүгө жетишүү.
Жыйынтыктап айтканда, 2024-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көздөгөн экономикалык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткаруунун үстүндө иш алып барууну милдетендирип өттү.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы