20 декабрь 2023
Кароолор: 100
Облус борборунда жаңы жылдык балаты жанды
Баткен шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылып,айланасы кооздолду.
Балатынын бийиктиги 17 метр.
Белгилей кетсек,КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жыл майрамын жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча буйругу чыккан.
Ага ылайык район- шаар борборлорунда балатылар орнотулуп,айлана чөйрөнү жасалгалоо иштери жүрүүдө.
Максат-облус тургундарына майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы