16 июль 2025
Кароолор: 13
Облус башчысынын жарандарды жеке кабыл алуусу, район шаарларда уюштурулат

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жарандарды жеке кабыл алуусу, район шаарларда уюштурулат.
Көчмө коомдук кабылдама 2025-жылдын 22-июль күнү Кадамжайда болот.
Саат 14:00дөн баштап, облус башчысы жарандарды кабыл алат.
Дареги, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 1-кабаты.
Облус башчысынын жарандарды көчмө кабыл алуусу, мындан ары ар жуманын шейшемби күнү жер жерлерде уюштурулат, убактысы жана дареги боюнча кошумча маалымат берилет.
Көчмө коомдук кабылдаманын максаты- облустун алыскы аймактарынын жашоочуларынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жана турмуш шарты оор жарандардын, облус башчысына жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү.